BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Top Story – Kyrgyz

  • Михаил Горбачевдун Борбор Азиядагы "перестройкасы"

    Горбачев бийликке келиши менен эки жылдан ашуун убакыт аралыгында, 1985-жылдын ноябрынан 1988-жылдын январына чейин, Борбор Азиядагы совет республикаларынын бардык беш жетекчиси алмашты. Айрымдары ачык эле коррупциялык иштерге айыпталган, башкалар бир топ бүдөмүк жагдайларда кызматтарынан кеткен.

  • "Баарын жасайм, бирок фронтко барбайм”. Россияда мобилизациянын биринчи күнү кандай өттү?

    Аскердик тажрыйбасы жок аспиранттарга жана каршылык көрсөткөндөргө келген чакыруулар, 200 миң рублга кымбаттаган билеттер, көз жаш жана эс алдыруучу дарылар – бул россиялыктарга мобилизация жарыяланган биринчи күнү орун алган нерселер болду.

  • Валентина Чупик: Мигранттарга жакын арада Орусиядан чыгып кеткиле деп кеңеш берет элем

    Орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан кийин Орусияда иштеген борбор азиялык мигранттар, анын ичинде кыргыздар да согушка айдалабы деген суроо турат. Би-Би-Си бул тууралуу Арменияда турган укук коргоочу Валентина Чупик менен маектешип, орус бийлигинин мобилизация жарыялаганы эмнеден кабар берет деп сурадык.

  • “Бул аңчылык сыяктуу”. Иран полициясынын кызматкери кармалган Махса Амини тууралуу айтып берди

    Тегеранда башталган нааразылык акциялары буга чейин Ирандын ондогон шаарларына жайылып, барган сайын катаал болуп баратат. Акциялардагы зомбулуктан кеминде 17 адам, анын ичинде бир полиция кызматкери каза болгону кабарланууда. Бул акыркы жылдардагы эң ири толкундоолор болуп эсептелет. Бийлик көптөгөн аймактарда интернетти жаап же чектеп койду.

  • Россиядагы мобилизация: кыргыз мигранттары эмне болот?

    Путин жарыялаган мобилизация, орус мыйзамдарындагы жаңы өзгөрүүлөр кыргыз мигранттарына кандай таасирин бериши мүмкүн экенин сурап Би-Би-Си Москвада мигранттар менен тыгыз иш алып барган юрист Гулиза Акматсияевага кайрылды.

  • “Путиндин өзүн окопко”: Россияда мобилизацияга каршы акциялар өттү

    Россияда жарым мобилизация жарыялангандан кийин оппозициялык жана согушка каршы кыймылдар каршылык акциясына чыгууга чакырышты. Бул Россия Украинага басып киргенден берки согушка каршы өткөрүлгөн биринчи чоң акция болуп калды.

  • Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялады

    Россиянын президенти Владимир Путин телекайрылуу менен чыгып сүйлөп, Россияда жарым мобилизация жарыялады. Ал жарлыкка кол койгонун билдирди. Мобилизация жөнүндө чечим шаршембиден баштап иштей баштайт.

  • Шанхай Кызматташтык Уюму: абалы жана келечеги

    Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммити өттү. Кыргыз коомунда анын эбак эле бекитилген күн тартиби унутта калып, чек арадагы кандуу конфликттен улам сын, талаш күчөдү. "Кандай жыйын болбосун ок атылды деген кабар жеткенде дароо ошол маселе каралышы керек болчу дегендер менен катар эле, күн тартибин буза алышмак эмес. Ошого карабай саммитин аянтчасында эки президент жолукту го" деп тартышып жатышат.

  • Бизге тышкы дүйнөнүн колдоосу өтө керек

    Кыргыз Президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышканы Нью-Йоркто жүрөт. Күтүүсүз эмес. Мурда бара турганы кабарланган.

  • Канат Шабданбаев: Көчмөндөр оюндарынын табиятын өзгөртүп салышпайбы деп кабатырбыз

    Түркиянын Изник шаарында кыргыздын тайказан эрежеси менен көк бөрү жана казактардын көк- пары  делген улак тартыш боюнча эки мелдеш болгону турат. Бирок тайказан менен өтө турган көк-бөрү көрсөтмөлүү оюн катары көрүүчүлөргө гана тартууланып, жадыбалга кошулбай, медалдык зачетко кирбейт деген сөздөр айтылып келет.

  • Ар кандай уюмдан аракет кылсак гана майнап чыгат

    Мындан 21 жыл мурда түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмдун кезектеги саммити бул ирет Самарканда 15-сентябрда өтөт. Өзбекстан бул саммитке катуу даярданууда. 2020-жылы эле президент Мирзиеев жарлык чыгарып, Самарканды босогосунан тартып төрүнө чейин көркүн чыгарууну, байыркы шаардын инфраструктурасын түгөл оңдоп, жаңыртууну буюрган.

  • Операция, жаракат, сыноолор... Акжол ашкан ашуулар. Мейрамбек Ахмедовдун маеги...

    Акжол Махмудов, Жоломан Шаршенбеков баштаган балбандардын ийгилиги бүтүндөй Кыргызстанды кубанычка бөлөп турган чагы. Далысы жере тие элек, жыгылуу эмне биле элек, бет келгенин көмөлөткөн Акжол азыркы ийгилигине жан сыздаткан оорууга, сыноолорго, жаракаттарга карабай алышып жүрүп жетти. Анын эң негизги машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедов менен ынак мамилеси да өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Атактуу машыктыруучу Канат Бегалиевди да таптаган. Би-Би-Си Мейрамбек Ахмедов менен кенен маек курган. Азыр анын бир бөлугун сунуштайбыз.

  • Ханыша Елизавета II’нин өмүрү сүрөттөрдө

    Ханыша Елизавета II’нин бүткүл өмүрү элдин көңүл чордонунда болгон. Биз Улуу Британияны эң узак башкарган монархтын доорун - төрөлгөндөн тартып, акыркы күндөрүнө чейин сүрөттөр менен көрсөтүп беребиз.

  • 2022: Аптап жана кургакчылыктын жылы

    Быйыл дүйнөдө соңку ондогон жылдардагы эң катаал кургакчылык катталып, айрым рекорддор жаңылууда.

  • Тайванга сапардын бизге сабагы чоң. Билип кылса – позиция, билбей кылса – трагедия

    Тайван Кытай үчүн өтө талылуу маселе. Тайван аралы улам бир мамлекеттин курамында болуп келген аймак. Так ошол Тайванга барып "тактыдан тайыган" кыргыз парламентинин депутаттары да бар.

  • Беш өлкө, беш тамак: азык-түлүк каатчылыгын ким кантип жеңип жатат

    Дүйнөдө тамак-аш кымбаттап, кээ бир жерде каатчылык да болуп жатат. Бардык жерде адамдар жаңы шартка ылайыкташууда, бул демек алар күнүгө жеген тамагында өзгөрүү болуп жатат дегендик.

  • Кытайдын калкы кескин азайып, бийлик абортко чектөө киргизди

    Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы өлкөдө төрөлгөндөр тездик менен азайып жаткандыктан, аялдарга аборт кылууга жарым-жартылай тыюу салынганын жарыялады. Активисттер менен укук коргоочулар мындай чектөө миллиондогон аялдарга зыян келтирет деп эсептешет.

  • Канатына карабай жем болду. Сулөсүндүн фламингого аңчылыгы…

    Табиятты чагылдырган дүйнөлүк фотографтардын фото сынагы аяктады. “Фото мергендер” укмуш көз ирмемдерди тарткан экен. Биз алардын арасына Кыргызстанда тартылган айрым фотолорду да тиркеп койдук. Ал аркылуу табияттын кооздгун сиз да бир байкап, өзуңуз дагы салыштырып көрүңүз.

  • Гепатит Б менен жашоо кандай?

    Гепатит - бул боор сезгенүүсүн түшүндүргөн жалпыланган термин. Гепатиттин эң кеңири таралган “A” (постсоветтик өлкөлөрдө “Боткин оорусу” деп белгилүү ), “B”, “C”, “D” жана “E” деп аталган түрлөрү өзгөчө вирустук инфекциялардан улам пайда болот.

Коронавирус

  • Кайрадан ковид: жөтөл жана тамак оору. Вирус болушу мүмкүн

    Кыргызстанда дагы ковидге кабылгандардын саны кайрадан көбөйгөнү айтылууда. 16-июлда вирус жуктуруп алгандардын саны 91ге жетти. Буга чейин жуктуруп алгандардын саны азайып, эсеп дээрлик жарыяланбай деле калган. Өткөн аптада коронавирус диагнозу коюлган 17 500 британиялыкты сурамжылоонун негизинде, оорунун негизги белгилери тамак оору жана жөтөл экендиги белгилүү болду.

  • Омикрондун жаңы варианты жөнүндө эмнелерди билебиз?

    Учурда дүйнө жүзү боюнча катталган инфекциянын дээрлик жарымынан өтө жугуштуу омикрон варианты чыгууда. Омикрондун BA.2 субварианты мурдагыларга караганда жугуштуураак экени айтылууда, бирок анын таасири катуу болору жөнүндө азырынча жетиштүү маалыматтар жок.

"Би-Би-Си дүрбүсүндө"

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын подкаст уктуруулары

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Тектеш сайттар